Биз социалдык тармакта

АКШ 50 жылдан кийин Айга кайрадан кеме учурду (видео)

АКШ "Артемида-2" миссиясынын алкагында 1972-жылдан бери биринчи жолу Айга адам жөнөтүүнү ийгиликтүү ишке ашырды.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, Флорида штатындагы Канавералдан "Орион" кемеси учурулду. Анын ичинде төрт космонавт бар. НАСА өкүлдөрү Рид Уайзман, Виктор Гловер, Кристина Кох жана канадалык Жереми Хансен.

"Экспедиция болжол менен 10 күнгө созулуп, экипаж Айды бир айланып, кайра Жерге кайтып келет. Бул учуу адамзат үчүн мурда болуп көрбөгөндөй алыс аралыкка болжол менен 406 миң чакырымга жетет. Бул миссия НАСАнын "Артемида" программасынын маанилүү баскычы болуп саналат. Анын негизги максаты - жакынкы жылдары адамдарды кайра Айга кондуруу",- деп белгиленген маалыматта.

АКШ 50 жылдан кийин алгачкы жолу Айга кемесин учурду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан