
Ирак мунайын Сирия аркылуу Европа өлкөлөрүнө экспорттой баштайт. Бул тууралуу Ирактын мамлекеттик мунай сатуу компаниясы SOMOнун директору
Али аш-Шатари социалдык тармактагы баракчасынан билдирген.
Анын айтымында, SOMO Түштүк Ирактагы кендерден күнүнө 50 миң баррель мунайды Банияс портуна жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Мунай Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага экспорттолмокчу. Эгер бул тажрыйба ийгиликтүү ишке ашса, жеткирүүнүн көлөмү көбөйтүлүп, Ирак мунайын Сирия аркылуу экспорттоо туруктуу багытка айланышы мүмкүн.