АКШ президенти АКШнын Жогорку Соту тарабынан каралып жаткан жарандык берүү маселесине байланыштуу нааразы пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бейшемби күнү ал өзүнүн Truth Social баракчасына: “Бул сот эмес, пародия!” - деп жазды.
Буга чейин, 2025-жылдын январь айында, Дональд Трамп АКШда төрөлгөн чет элдик жарандардын балдарына автоматтык түрдө жарандык берүү тартибин токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул чечим өлкөнүн Конституциясынын 14-түзөтүүсүнө негизделген көп жылдык практиканы өзгөртүүгө багытталган.
Учурда Трамптын администрациясы бул жарлыктын мыйзамдуулугун баалоо үчүн Жогорку Сотко кайрылып, талкуу жүрүп жатат.