Ирандын армиясы Иордания аймагындагы АКШнын аскердик объектине сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, чабуул дрондор аркылуу жасалып, Аль-Азрак базасында жайгашкан америкалык истребителдердин орун алышкан жерлери бутага алынган.
Иран тарап кошумча деталдарды ачыктаган жок.
Бул аракет АКШ жана Израил тарабынан болгон чабуулдарга жооп катары жүргүзүлүп жатканы айтылууда. Кагылышуунун биринчи күнү, 28-февралда, Ирандын түштүгүндө кыздар мектеби жабыркап, өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи каза болгону кабарланган.
Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн маалыматына ылайык, акыркы окуяларда 1,3 миңден ашуун жаран каза болуп, 17 миңден ашык адам жаракат алган.