Биз социалдык тармакта

Германияда поезд вагонундагы жардыруудан 12 киши жаракат алды

Германиянын Зигбург шаарында поезддин вагонундагы жарылуудан 12 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, вагондогу жарылуу страйкбол гранатасынан чыккан.

"Аны поезддин ажатканасынан вагондун коридоруна ыргытып жиберишкен. Алдын ала маалымат боюнча, 12 адам жеңил жаракат алган",- деп жазды басылма.

Белгиленгендей, кылмышка шектелип 20 жаштагы жаран кармалган.

Жардыруудан улам 500 адам эвакуацияланган. Окуя болгон аймакта поезд каттамы жабылып, жүргүнчүлөр үчүн Франкфуртка атайын автобус уюштурулган. Көп өтпөй бардык чектөө чаралары алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан