Биз социалдык тармакта

Иран кол салуусу мүмкүн болгон деңиз кемелеринин тизмесин даярдады

Иран кол салуусу мүмкүн болгон деңиз кемелеринин тизмесин даярдады. Бул тууралуу Ирандын Египеттеги элчиси Можтаба Фердоусипур РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Иранда АКШ жана Израилге тиешелүү кемелер тууралуу маалымат бар. Бул маалыматтар чалгын кызматтары тарабынан чогултулуп, бекитүү үчүн Улуттук коопсуздук кеңешине өткөрүлөт.

"Кеңеш аны бекиткенден кийин Ирандын куралдуу күчтөрүнө жөнөтөт, алар болсо бул кемелерди бутага алынуучу объекттердин тизмесине киргизет",- деп маалымдаган элчи.

Буга чейин Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү Абольфазль Шекарчи АКШ жана Израилдин чабуулдарынан келтирилген зыян үчүн өлкө күч колдонуу менен жооп кайтарарын жана бул үчүн бардык керектүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан