Ооганстандын Герат провинциясы аялдардын кийимине жаңы чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу Ооганстандын Салам Ватандар үналгысы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жакшылыкка үндөө жана жамандыкты алдын алуу министрлигинин Гераттагы башкармалыгы аялдар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыккан. Анда хиджаб кенен жана көзгө көп уруна бербеген болушу керек деп белгиленген.
"Негизги талап - кийим кенен болуп, денеге жабышпаган жана башкалардын көңүлүн бурбаган болушу зарыл. Тар, денеге жабышкан кийимдер шариаттагы хиджаб талаптарына каршы келет. Бул эрежелер түшүндүрүү иштери жана тынч жол менен ишке ашырылат",- деп белгиледи башкармалыктын башчысы Азиз Ур-Рахман Мухаджир.