Дүйнөлүк мунай рыногунда баалар кескин жогорулады. Буга АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга каршы аскердик аракеттерди улантуу боюнча билдирүүлөрү себеп болду. Соодагерлер мунай жеткирүүдө узакка созулган үзгүлтүктөр болушу мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
Маалыматтарга ылайык, АКШдагы мунай баасы бир күндө 11 пайыздан ашык өстү. Ал эми Brent үлгүсүндөгү мунай дээрлик 8 пайызга кымбаттады.
Соода жыйынтыгында Brent мунайынын фьючерстери баррелине 109,03 доллар деңгээлинде жабылды. Ал эми West Texas Intermediate (WTI) үлгүсүндөгү америкалык мунай 111,54 долларга чейин жетип, 2020-жылдан берки эң ири өсүштү көрсөттү.
Чет элдик басылмаларда жазылгандай, Дональд Трамп аскердик операциялар күчөтүлөрүн билдиргени менен, согуш аракеттерин токтотуу тууралуу так маалымат берген жок. Ошондой эле Ормуз кысыгында кеме каттамын калыбына келтирүү боюнча конкреттүү кадамдар айтылган жок. Адистердин айтымында, дал ушул белгисиздик мунай баасынын өсүшүнө алып келди.
Мурдараак Трамп элге кайрылуусунда жакынкы эки-үч жуманын ичинде Иранга "өтө күчтүү сокку уруларын" билдирген. Ал ошондой эле Иранды "таш дооруна кайтаруу" ниети бар экенин айткан.
Эксперттердин пикиринде, эгер Ормуз кысыгы жакынкы апталарда ачылса, рыноктогу тобокелдик фактору дароо төмөндөйт. Ошол эле учурда согуш тез арада жөнгө салынса, экономикалык таасири анча чоң болбой калышы мүмкүн. Бирок азырынча жалпы экономикалык абал белгисиз бойдон калууда.
Ормуз кысыгында кеме каттамын жандандыруу дүйнө өлкөлөрү үчүн негизги маселелердин бири болуп калды. Анткени энергия ресурстарынын баасынын өсүшү глобалдык экономикага олуттуу таасир этүүдө.
Буга чейин Франциянын президенти АКШ лидерин сынга алып, аны "олуттуу болууга" чакырган. Ал ошондой эле Ормуз кысыгын күч менен ачуу мүмкүн эместигин белгилеген. Мындан тышкары, маалымат каражаттары ОПЕК+ өлкөлөрү жекшемби күнү өтө турган жыйында мунай өндүрүшүн көбөйтүү маселесин карашы мүмкүн экенин жазышууда. Бирок аналитиктердин айтымында, Ормуз кысыгы ачылмайынча, өндүрүштү көбөйтүү да күйүүчү май тартыштыгын толук жоё албайт.