Орусиянын Ульяновск облусунда Челябинск - Москва багытындагы жүргүнчү ташыган поезддин жети вагону рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Окуя 3-апрелде, Москва убактысы боюнча саат 6:26да Бряндино станциясынын аймагында болгон. Поездде жалпысынан 415 жүргүнчү болгон. Алардын арасында жаракат алгандар бар.
Азыркы учурда куткаруу жана тез жардам кызматтары жерине жөнөтүлдү. Ошондой эле поезд каттамы убактылуу токтотулду.