Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин саны барган сайын көбөйүүдө. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасы Windward деңиз транспортуна адистешкен аналитикалык компаниясына таянуу менен жазды.
Анда айтылгандай, шаршембиде кысыктан өткөн кемелердин саны 16га жетти. Бул көрсөткүч үчүнчү күн катары менен өсүүдө.
Windward жакынкы күндөрдө кысык аркылуу транзиттик активдүүлүк дагы күчөшү мүмкүн деп болжолдонууда.
Басылма бирок бул тенденцияга карабастан Ормуз кысыгында транспорттун көлөмү төмөн бойдон калганын белгилейт. БУУнун маалыматына ылайык, АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусу башталганга чейин кысыктан күн сайын 130га жакын кеме өтүп турган.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку ургандан кийин, Иран ага жооп кылып, стратегиялык маанилүү деңиз жолун жаап салган. Кийинчерээк Иран беш өлкөгө деңиз жолун ачканын жарыялаган.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууда маанилүү роль ойнойт.