Биз социалдык тармакта

АКШ жана Израил Ирандагы ири көпүрөгө сокку урганы айтылууда

АКШнын аба күчтөрү жана Израил Тегеранды өлкөнүн батыш аймактары менен байланыштырган В1 көпүрөсүн жок кылганы кабарланды.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, көпүрөгө жасалган соккудан кийин АКШ президенти Дональд Трамп видеосун Truth Social социалдык тармагына жарыялаган. Ал эми бүгүн, 3-апрелде Трамп Иран бийлиги Вашингтон менен келишимге барбаса, АКШ армиясы алгач көпүрөлөрдү, андан кийин электр станцияларын жок кыларын билдирди.

"В1 көпүрөсү Тегерандын батыш тарабындагы Караж шаарында жайгашып, капчыгай аркылуу өткөн. Курулушу толук бүтө элек бул көпүрөнүн бийиктиги 132 метрди түзүп, Ирандагы эң бийик көпүрө болуп эсептелген. Ирандын мамлекеттик ЖМКлары соккунун кесепетинен сегиз адам каза болуп, дагы 97 киши жаракат алганын билдиришти", - деп белгиленген басылмалардын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан