АКШнын президенти Дональд Трамптын катуу билдирүүлөрүнө карабастан, АКШ НАТОдон чыкпайт. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев чет элдик басылмаларга билдирген.
Анын айтымында, мындай чечимге барууга негиз жок жана АКШ Конгресси да буга жол бербейт. Медведев Трамптын альянстан чыгуу тууралуу сөздөрүн “эпатаж” деп атады.
Ошол эле учурда ал АКШ тарап символикалык кадамдарга барышы мүмкүн экенин белгиледи. Мисалы, НАТО өлкөлөрүндөгү аскерлердин санын кыскартуу же айрым жеткирүүлөрдөн баш тартуу ыктымалдыгы бар.