Биз социалдык тармакта

АКШ Бахрейндеги базадан 1,5 миң деңиз аскерин эвакуациялады

АКШ Иран тараптан жасалган соккулардан кийин Бахрейндеги аскердик базасынан 1,5 миңге жакын деңиз аскерлерин, алардын үй-бүлөлөрүн жана жүздөгөн үй жаныбарларын эвакуациялады. Бул тууралуу NPR радиосу АКШнын деңиз күчтөрүндөгү белгисиз өкүлгө таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңжал башталганга чейин Бахрейндеги АКШнын деңиз күчтөрүн колдоо базасында 8 миңге жакын адам болгон. Алгачкы күндөрү база ирандык ракеталар жана учкучсуз учактар менен бир нече жолу соккуга кабылганы айтылууда.

Эвакуацияланган жарандар март айынын ортосунан тарта Норфолк шаарына жеткирилип баштаган. Жергиликтүү коомдук уюмдардын маалыматына караганда, алардын көбү дээрлик эч нерсесиз кайтып келип, эң негизги керектөөлөргө муктаж болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан