АКШ жана Израил Тегерандын бир нече райондорун аткылоо менен зыян келтирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
IRIB агенттигинин маалыматына ылайык, Мехрабад (түштүк-чыгыш), Веленджак (түндүк) райондорунда, анын ичинде Шахид Бехешти атындагы университетке, ошондой эле Телу (түндүк-чыгыш) районуна соккулар жасалган.
28-февралдан тартып АКШ жана Израил Ирандагы, анын ичинде Тегерандагы объектилерге сокку урган. Иран болсо Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине жооп соккуларын жүргүзүүдө.