Ливанда 3-апрелде Израилдин аба соккуларынын натыйжасында бир күндө 23 адам каза болуп, 98 киши жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, чабуулдар өлкөнүн ар кайсы аймактарында катталган.
2-марттан бери күч алган жаңжалдын кесепетинен жалпы каза болгондордун саны 1368ге жетти. Ал эми жаракат алгандардын саны 4138 адамды түздү.
Учурда аймактагы абал курч бойдон калууда.