Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Иранга карата жасалган чабуулдарды айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Эрдоган Түркия мындай аракеттерди колдобой турганын баса белгилеп, аймактагы чыңалууну күчөткөн саясатты токтотуу керектигин айткан. Ал ошондой эле Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жүргүзүп жаткан агрессивдүү саясат жалпы аймактагы туруктуулукка коркунуч жаратып жатканын белгилеген.
Мындан тышкары Түркия лидери Иерусалимдин макамын өзгөртүүгө багытталган аракеттер кабыл алынгыс экенин кошумчалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Эрдоган Сириядагы абалга да токтолуп, өлкөдөгү туруктуулукту чыңдоого багытталган ар кандай кадамдар Орусия менен Түркиянын жалпы кызыкчылыктарына жооп берерин белгиледи.