Катуу жаандын кесепетинен Дагестандын түштүк аймактарын кайрадан суу каптады. Ташкын суулары үйлөрдү, короолорду жана жолдорду каптаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Айрым жерлерде канализациялар иштен чыккандыгы айтылууда. Ал эми Махачкала шаарында көчөлөрдү суу басып, Редуктор районундагы Талгинка дарыясы жээгинен ашып чыгып, Ахмет-хан Султан көчөсүн каптаган.
Ошондой эле Дербент — Махачкала жолунун айрым бөлүктөрү толугу менен суу алдында калган. Жергиликтүү тургундар кум толтурулган каптарды ташып, убактылуу дамбаларды куруп, үйлөрүн сактап калууга аракет кылышууда.
Суу ташкыны 28-марттан бери уланууда. Ал учурда 60 миңге жакын адам жарыксыз калып, 14 район электр энергиясынан ажыраган. Айрым тургундар коопсуз жайларга кайыктар менен эвакуацияланган.