Биз социалдык тармакта

Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин саны айтылды

Ирандын уруксаты менен бир суткада 15 кеме Ормуз кысыгы аркылуу өттү. Бул тууралуу Ирандын Fars агенттиги кабарлады.

"Статистикага ылайык, Ормуз кысыгы аркылуу акыркы 24 саатта Ирандын уруксаты менен 15 кеме өткөнүн көрсөтүүдө",- деп айтылган анда.

Буга чейин Бахрейндин тышкы иштер министри Абдель Латиф бин Рашед ал-Заяни кысык аркылуу өткөн кемелердин агымы 90 пайызга кыскарганын билдирген.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку ургандан кийин, Иран ага жооп кылып, стратегиялык маанилүү деңиз жолун жаап салган. Кийинчерээк Иран беш өлкөгө деңиз жолун ачканын жарыялаган.

БУУнун маалыматына ылайык, АКШ менен Израил Иранга кол салганга чейин кысыктан күн сайын 130га жакын кеме өтүп турган.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууда маанилүү роль ойнойт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан