
Кечээ Дагестан аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир катар аймактарда суу каптоо жана кыйроолор катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, табигый кырсыктан улам аймактагы 10дон ашык муниципалитетте өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Гежух суу сактагычы ашып, дамбанын айрым бөлүктөрү жырылып кеткен.
Кырсыктын натыйжасында 4,1 миңден ашуун адам коопсуз жайларга эвакуацияланды. Учурда 28 турак үйдү суу каптаганы белгилүү болду. Адистер кырдаал мындан ары да курчушу мүмкүн экенин эскертип, дагы төрт калктуу конуш сел коркунучунда экенин билдиришти. Ал аймактарда 20 миңден ашуун адам жашап, 3 миңден ашык турак жай бар.
Сел кырсыгы транспорт тармагына да олуттуу таасирин тийгизди. Тактап айтканда, Москва - Дербент багытындагы поезддин 37 жүргүнчүсү эвакуацияланып, Дербент районундагы “Кавказ” федералдык трассасындагы көпүрө кулап, жол жабылды.
Мындан тышкары, Кирки айылында жер көчкү жүрүп, бир турак үй толугу менен урап, дагы экөө жарым-жартылай жабыркады. Урандылардын алдынан бир аялдын сөөгү табылганы кабарланды.
Ал эми Махачкала шаарында Газопровод көчөсүндө көп кабаттуу үй кулап, 300гө жакын тургун эвакуацияланды. Учурда дагы төрт көп кабаттуу үйдүн урап кетүү коркунучу бар экени айтылууда.
Адистер тургундарды коопсуздук чараларын сактоого жана расмий органдардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырышууда.