Биз социалдык тармакта

Ирандагы кырдаал: Исфахан провинциясында кеминде 13 киши набыт болду

Ирандын борборундагы Исфахан провинциясында АКШ менен Изарилдин соккусунан кеминде 13 адам курман болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Бехарестан аймагынын губернаторуна таянып жазышты.

Анын айтымында, америкалык-израилдик аскерлер эки турак жайга сокку урушту.

"Учурда куткаруу топтору окуя болгон жерден 13 адамдан сөөгүн алып чыгышты",- деген губернатор.

Ал белгилегендей, учурда урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, АКШ менен Израил Иранга 28-февралда аскердик операция баштап, бир нече шаарларга абадан сокку жасаган. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан