Түркия өкмөтү Украина менен Орусия ортосундагы сүйлөшүүлөр токтоп калгандыктан, аны тезирээк жандантууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, министр Анкара ар дайым сүйлөшүүлөрдү уюштурууга даяр экенин жана тараптардан өтүнүч түшкөндө бардык шарттарды камсыздай турганын белгилеген.
Бирок азырынча жаңы айлампанын күнү жана өтүлө турган жери боюнча так келишимдер жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия менен Украина тараптын үчүнчү айлампадагы сүйлөшүүлөрү Стамбул шаарында өткөн.