Биз социалдык тармакта

Пакистанда сел кырсыгы: 45 адам каза болуп, жүздөгөн үйлөр талкаланды

Пакистан да нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кеминде 45 адам каза болуп, дагы 105 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, кырсык өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясы нда 25-марттан тарта каттала баштаган. Күчтүү жаан-чачын селге айланып, көптөгөн турак жайларды жараксыз абалга алып келген.

Расмий маалыматтарга караганда, жалпысынан 442 турак жай жабыркап, алардын 60ы толугу менен кыйраган. Бул болсо жүздөгөн үй-бүлөлөрдү баш калкалоосуз калтырды.

Адистер аба ырайы жакынкы күндөрү дагы курчушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Тактап айтканда, 6-апрелден 9-апрелге чейин кайрадан катуу жаан-чачын күтүлөрү айтылды. Ушуга байланыштуу тургундарга зарылчылык болбосо кооптуу аймактарга барбоо сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан