Казакстандын Акмола облусунун Коргалжын районундагы Шоптыкөл дамбасы жарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Учурда дамбаны бекемдөө, инерттик материалдарды төгүү жана сууну буруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга болжол менен 170 адис жана 43 техника тартылган.