Ирандагы кырдаал жана күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу дүйнөдө саякат турларына болгон баа өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу The New York Post (NYP) басылмасы жазды.
Маалым болгондой, кээ бир круиздик кемелердин операторлору баанын өсүшүнө байланыштуу жүргүнчүлөр үчүн кошумча төлөмдөрдү киргизип жатышат.
Ага ылайык, кээ бир каттамдарда эки жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн күйүүчү майга кошумча төлөм күнүнө 19 доллардан 26 долларга чейин жетет. Тактап айтканда, Түштүк-Чыгыш Азияда сүзүп жүргөн Genting Dream кемесинин ээси болгон малайзиялык StarDream Cruises компаниясы буга чейин кошумча төлөм киргизүү чечимин кабыл алган.
Cruise Center компаниясынын башкы директору Том Бейкер Fox News басылмасына билдиргендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жер бетиндеги ар бир саякатчыга таасирин тийгизет.
NYP жазгандай, америкалык саякатчылар да круиздик кемелердин туристтик компаниялары күйүүчү майга кошумча төлөмдөрдү кошуп жатканын байкашкан.
Белгилей кетсек, АКШ-Израил операциясы башталгандан кийин Иран Ормуз кысыгын жапты, ал аркылуу адатта күнүнө 15 миллион баррелге жакын мунай өтүп турган. Бул чийки мунайдын да, кайра иштетилген продукциянын да кескин кымбатташына алып келди.