Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШнын лидери Дональд Трамптын анын жеке жашоосу тууралуу шалдыңына үн катты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, Макрондун берген маегин жарыялашты.
Анда Франциянын президенти Трамптын сүйлөгөн сөздөрү этикалык жактан стандарттарга ылайык келбестигин жана анын айткандарына маани бербей турганын белгилеп өткөн.
"Биз азыр олуттуу маселелер тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Согуштун экономикага тийгизген таасири, андан жабыркаган жарандар тууралуу. Аларга жооп берүүнүн кереги жок. Ал жооп берүүгө татыктуу эмес",- деген Макрон.
Белгилей кетсек, буга чейин Трамп Макрондун жубайы менен болгон мамилесин тамашага салып, анда аны "жаакка жеген соккусунан улам дагы деле жакшы боло элек" деп шылдыңга алган.