Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жеке адамдар тарабынан Түндүк Кореяга учурулган дрондор үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги билдирди."Жеке адамдардын өз алдынча мындай провокациялык аракеттерди жасаганы өтө өкүнүчтүү",- деп айткан президент Ли Чжэ Мён.
Ал мындай аракеттерди кабыл алынгыс деп атап, өкмөт дрондорду учурган эмес болсо да, аскердик чөйрөдө пайда болгон керексиз чыңалуу үчүн Түндүк Кореядан кечирим сурайт деп билдирген.
Буга чейин январь айында Түндүк Корея Түштүк Кореяны аба мейкиндигин бузду деп айыптаган. Бирок Түштүк Корея армиясы окуяга тиешеси жоктугун билдирип, иликтөө баштаган. Иликтөөдө окуяны жеке адамдар жасаганы аныкталган.