Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталды. Анда грек-рим күрөшүнөн 5 кыргызстандык күч сынашып, 4 балбан жарым финалга чыкты.
Алсак, 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов 1/4 финалда казакстандык Кахраман Киссыметовду 9:1 эсебинде, 1/8 финалда япониялык Исами Хорикитаны 7:3 эсебинде утуп алды.
87 килограмм салмак ченинде катышкан Асан Жанышов түркмөнстандык Довлетмурат Байрамовду болгону 30 секунд ичинде 10:0 эсебинде жеңип алды. Ошондой эле 63 килограммда килемге чыккан Автандил Таалайбеков япониялык Кайсей Танабени 4:3 эсебинде утса, 55 килограммдагы Улан Муратбек уулу иорданиялык Ахмад Халед Махмуд Ахмаддан 2:1 эсебинде озду.
Жарым финалдык беттештер саат 18:00дө башталат. Азия биринчилиги 12-апрелге чейин уланмакчы.