Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Асан Жанышов түркмөнстандык Довлетмурат Байрамовду 30 секунд ичинде 10:0 эсебинде жеңип алды.
Грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмак ченинде катышып жаткан Жанышов эми жарым финалда күрөшөт. Анын кезектеги атаандашы казакстандык Нурсултан Турсынов болмокчу.