Биз социалдык тармакта

ЖМК: Иран Ормуз кысыгын убактылуу ок атышпоо үчүн ачпай турганын билдирди 

Тегеран ок атышууну убактылуу токтотуу үчүн Ормуз кысыгын ачпай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Тегеран Вашингтон ок атышууну биротоло токтотууга даяр эмес экенин белгилеп, убактылуу ок атышууну токтотуу үчүн Ормуз кысыгы ачылбай турганын билдирген.

Белгилүү болгондой, буга чейин Пакистан АКШ менен Иранга кысыктын ачылышына жол ачкан согуштук аракеттерди токтотуу боюнча эки этаптуу план жөнөткөнү кабарланган.

Ал эми Иран бийлиги Пакистандын ок атышууну токтотуу сунушун алганын ырастап, учурда изилдөө иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан