Ливандагы куралдуу “Хезболла” кыймылы дүйшөмбүгө караган түнү Израилдин түндүк аймактарына ракеталык сокку урганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кыймылдын билдирүүсүнө ылайык, саат 03:10до Нагария конушу бутага алынган. Ошондой эле Хурфейш, Лиман жана Шломи калктуу пункттарына да сокку урулганы айтылат.
Мындан тышкары дагы эки билдирүүдө чек ара аймагында жайгашкан Израил армиясынын жоокерлери топтолгон жерлерге да чабуул жасалганы белгиленген.
Азырынча Израил тарап бул маалымат боюнча расмий кеңири комментарий бере элек.
Акыркы күндөрү тараптар ортосундагы чыңалуу күчөп, чек арада өз ара сокку уруулар көбөйүүдө.