Москва шаарындагы “Матросская тишина” тергөө абагында “Коркустагы” теракт боюнча соттолгон 37 жаштагы Юсуфзода Якубджони өзүн-өзү өлтүрдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, анын өмүрүн сактап калуу үчүн абак кызматкерлери жана медициналык персонал бир нече саат бою аракет кылышкан, бирок аракеттер натыйжа бербей, ал каза болду.
Якубджони мурда “Крокустагы” теракт иши боюнча соттолуп, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган болчу. Ал теракттын аткаруучуларына турак жай үчүн акча которгон деп айыпталган.
Федералдык кызматтардын маалыматына ылайык, иликтөө улантылууда, жана анын өзүн-өзү өлтүрүү фактысы тергөө менен кошо текшерилет.