Иран Түркия жана Азербайжан менен өз аймагындагы кол салуулардан улам пайда болгон түшүнбөстүктү жөнгө салганын жарыялады.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаиге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз Азербайжан тарапка эч кандай ракета учурбаганыбызды ачык айттык жана өлкө лидерлери менен тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү бул түшүнбөстүктү жөнгө салганына ишенем",- деген ал.
Ал ошондой эле Түркия менен ушул сыяктуу окуялар жөнгө салынганын билдирди.
"Түркия биз тараптан эч кандай учуруу катталбаганын ачык билдирди, ошондуктан эки өлкөнүн ортосунда түшүнүшүү пайда болду жана бардык маселелер сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечилди деп ойлойм",- деди ал.
5-мартта Азербайжандын Нахичеван шаарындагы аэропортко учкучсуз учак кол салып, төрт киши жарадар болгону кабарланган. Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол салуу үчүн Иранды айыптаган. Лидерлердин сүйлөшүүсүнөн кийин Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Баку Тегерандан окуяны иликтөөсүн күтөрүн билдирген.
Ошондой эле 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскерий операциясы башталгандан бери Түркиянын аба мейкиндигинде Ирандын бир нече ракеталары кармалып калганы кабарланган.
Тегеран эки өлкөгө карай ракета же учкучсуз учактарды учурууга катыштыгы бар экенин четке кагып келет.