АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы козголоңчуларга жөнөтүлгөн курал-жарактар максатына жетпей, аны жеткирүүгө жооптуу болгон топтор тарабынан өздөштүрүлүп кеткенин билдирди. Анын айтымында, бул куралдар күрддөрдүн колунда калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
"Биз курал-жарак жөнөткөнбүз, ал Иран элине жетиши керек эле. Билесиңерби, эмне болду? Аны өткөрүп берүүгө жооптуу болгондор жөн эле өздөрүнө алып калышты. Мен бир топ адамдарга абдан нааразымын, жана алар бул үчүн жооп беришет",- деди Трамп.
Ошондой эле ал АКШ Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан америкалык-израилдик операцияга күрд куралдуу түзүмдөрүнүн катышуусун каалабай турганын айтты. Президенттин сөзүнө караганда, алардын аралашуусу кошумча көйгөйлөрдү жаратат.