Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, азыр АКШнын башка маанилүү иштери көп болгондуктан, үч тараптуу жолугушуу өткөрүү кыйын болууда.
"Америкалыктардын маанилүү иштери көп болууда. Буга байланыштуу үч тараптуу сүйлөшүүгө чогулуу азыр кыйын",- деген Песков РИА Новости агенттигине берген маегинде.
Ошондой эле Песков Орусия жана Украинанын өкүлдөрү АКШ тарап менен эки тараптуу байланыштарды улантып жатканын кошумчалаган.