Биз социалдык тармакта

Атактуу актёр Жеки Чан 72 жашка толду. Ал тууралуу кызыктуу фактылар 

Бүгүн, 7-апрелде дүйнөгө белгилүү актёр, каскадёр Жеки Чан 72 жашка толду. Анын чыныгы аты Чан Конг-Санг.

Актёр 1954-жылы Гонконг шаарында төрөлгөн. Тасмалардагы кооптуу трюктарды өзү аткарып, комедиялык жана акробатикалык күрөш стили менен өзгөчөлөнөт.

Чыгармачылыкка алгачкы кадам

Жеки Чандын ата-энеси 7 жашында Австралияга жумуш издеп кеткен. Ошол убакта жаш актёр Гонконгдогу Кытай драма академиясына тапшырып, 10 жыл бою сахна өнөрүн, анын ичинде акробатика, жекеме-жеке мушташ жана ырдоо боюнча билим алган.

Чан жаш кезинде Брюс Линин "Ачуулуунун муштуму" жана "Ажыдаардын келиши" тасмаларында кичинекей ролдорду ойногон. Ал эми алгачкы ролун 1962-жылы "Чоң жана кичине Вон Тин Бар" тасмасында жараткан.

Анын дүйнөгө таанымалдуулугу 1990-жылдардын аягында Голливуддагы ийгиликтеринен башталган. Белгилей кетсек, "Тыгылыш саат" тасмасы атактуулукка алып келген алгачкы тасмаларынын бири болгон. Өзүнүн узак жана ийгиликтүү карьерасында 150дөн ашуун тасмада роль жараткан.

Жеки Чан актёрлук карьерасынан тышкары, музыкалык жаатта да активдүү эмгектенген. Ал 1980-жылдардан бери ар кандай тилдерде, анын ичинде кытай, япон, англис жана кантон тилдеринде ырларды аткарып, бир нече альбом чыгарган.

Жеки Чан көптөгөн тасмаларынын саундтректерине да өзүнүн үнүн кошкон. Мисалы, "Тартип сакчысынын окуясы" тасмасындагы "Баатырдын баяны" чыгармасын аткарган. Анын актёрлук карьерасынан тышкары, музыкалык карьерасы дагы дүйнө жүзүнө белгилүү.

Өзүнүн жашоосун баяндап жазган китептери

Актёрдун жазган эки автобиографиясы бар. Биринчи автобиографиясы – "Мен Жеки Чан: Кыймылдагы жашоом" деп аталат. Мында Жеки Чандын балалык доорунан 1990-жылдардын аягына чейинки жашоосу баяндалат. Китепте Гонконгдо өткөн катаал балалыгы, ата-энеси менен болгон мамилеси жана Пекин опера мектебиндеги жашоосу жана артисттик билим алуусу тууралуу маалыматтар камтылган. Мындан тышкары, жеке жашоосун жана көпчүлүккө белгисиз жашыруун жактарын, инсандар менен болгон мамилесин да камтый кеткен. Китеп 1998-жылы жарык көргөн. Ал англис тилинде жазылып, кийин кытай тилине которулган.

Китеп Жеки Чандын ачык-айкын, кээде тамашалуу, кээде илхам берүүчү жандуу баяндоосу менен окурмандарды өзүнө тартып турат. Тасмаларга жана экшн дүйнөсүнө кызыккандар үчүн абдан ылайыктуу. Негизги басым кино тармагындагы карьерасы, трюктар, таасир берген адамдар жана Голливуддагы ийгиликтерине жасалат.

Ал эми экинчи автобиографиясы – "Чоңойгум келбейт" аталышында 2015-жылы кытай тилинде жарык көргөн. Англис тилине болсо 2018-жылы которулган. Китептин авторлору – Жеки Чан жана Жу Мо.

Китеп актёрдун ачык жана чынчыл баяндоосу менен, анын жашоосунун ар кандай кырларын көрсөтөт. Ал өзүнүн кемчиликтерин жана жетишкендиктерин чагылдырууда окурмандарга шыктануу берет. Негизги басым Жеки Чандын өзүн-өзү сыноо жана ички дүйнөсүн ачыктоо аркылуу башка өңүттөн таанытууга жасалган. Жеке жашоосуна кызыккандар үчүн же инсан катары Жеки Чанды түшүнгүсү келгендерге ылайыктуу. Анын байсалдуу, сырдуу жактарын ачкан, чын ыкластуу, терең, таасирдүү китеп болуп саналат.

Жеке жашоосу

Ал 1982-жылы тайвандык актриса Жоан Лин менен баш кошкон. Ошол эле жылы уулу Жейси Чан төрөлгөн. Жейси атасынын жолун жолдоп, актёр жана музыкант катары таанылган. Бирок 2014-жылы ал мыйзамсыз баңгизат сактоо айыбы менен камакка алынган.

1999-жылы Жеки Чандын "Мисс Азия" сулуулар сынагынын 1990-жылдагы жеңүүчүсү Элейн Нг менен болгон мамилесинен кызы Этта Нг Чок Лам төрөлгөн. Жеки Чан бул окуяны "көп эркектер кетирген ката" деп атап, кызы менен жакын мамиле түзгөн эмес. Кызы финансылык кыйынчылыктарга көп кабылган жана 2017-жылы өзүнүн лесбиян экенин ачык билдирген.

Актёрдун өзгөчөлүгү

Жеки Чан көп тилдерде эркин сүйлөйт, анын ичинде кантон, англис жана америкалык жаңсоо тилдери бар. Ошондой эле ал футболго кызыгып, "Манчестер Сити" клубун колдойт.

Жеке жашоосундагы кыйынчылыктарга карабастан, Жеки кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, байлыгынын жарымын кайрымдуулук фонддоруна калтырууну пландаган. Ал маектеринин биринде: "Мен байлыгымды балдарыма эмес, кайрымдуулукка калтырам" деп айтканы бар.

Жеки Чан өзүнүн эмгекчилдиги, таланты жана кайраттуулугу менен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдардын сүймөнчүгүнө айланган. Айрым маектеринде "пенсияга чыгууну ойлонуп жатам" десе да, жаңы долбоорлорго катышып жүргөнү маалым. Ошондуктан ал түгөнбөгөн энергиянын символу бойдон калууда.

Жеки Чан тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Жеки Чандын чыныгы аты Чан Конг-Санг.
  • Ал 7 жашынан тарта Пекин опера мектебинде окуп, акробатика, мушташ жана актёрлук өнөрдү үйрөнгөн.
  • Жеки Чан өзүнүн фильмдериндеги трюктардын дээрлик баарын өзү аткарат. Ошондуктан ал көп жолу оор жаракат алган.
  • Ал Гиннесстин рекорддор китеби тарабынан “бир фильмде эң көп функция аткарган актер” катары катталган.
  • Алгач Голливуд аны кабыл алган эмес. Бирок кийин "Тыгылыш саат" тасмасы аркылуу дүйнөгө таанылган.
  • Жеки Чан тартылган тасмаларындагы саундтректерди көп учурда өзү ырдайт жана бир нече альбом чыгарган.
  • Өзүнүн кайрымдуулук фонддору аркылуу билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын колдойт.
  • Жеки Чан 2016-жылы киного кошкон салымы үчүн ардактуу Оскар сыйлыгын алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан