Биз социалдык тармакта

Ичкерия Чечен республикасы Орусияда террордук уюм деп таанылды

Орусия Ичкерия Чечен республикасын террордук уюм деп таанып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышууда.

"Грозный шаарындагы Шейх-Мансур райондук соту Ичкерия Чечен республикасы уюмун жана анын 14 Европа өлкөсүндөгү 29 бөлүмчөсүн террордук деп таанып, Орусиянын аймагында ишмердүүлүгүн тыюу салды",- деп айтылат Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, атайын операция башталгандан бери ИЧРдин мүчөлөрү украин аскерлеринин курамында согушуп жатышат. Алар Белгород жана Курск облустарына карата диверсиялык жана террористтик аракеттерге, ошондой эле Орусиянын аскерлерин жана жай тургундарды өлтүрүүгө катышкан.

Коопсуздук кызматы уюмга тиешеси бар жана аны колдогондорду аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартарын убада кылды.

Ичкерия Чечен республикасы 1991-жылы Чеченстанда түзүлгөн, аны 2007-жылдан бери Ахмед Закаев жетектейт. Аталган жаран учурда Улуу Британияда жашырынган жана эл аралык издөөдө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан