Биз социалдык тармакта

Нью-Йоркко бара жаткан учакта жүргүнчү аял көз жарды  

Caribbean Airlines авиакомпаниясынын учагында бара жаткан жүргүнчү аял АКШдагы аэропортко конуу алдында көз жарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Окуя 4-апрелде Ямайканын Кингстон шаарынан Нью-Йоркко учкан учакта болгон. Учуу учурунда кош бойлуу аялдын толгоосу башталып, экипаж шашылыш конууга даярданган.

Учкучтар аэропортко алдын ала кабар берип, медициналык кызматкерлерди чакырышкан. Бирок көп өтпөй учкучтар ымыркай жарык дүйнөгө келгенин маалымдашкан.

Учак конгондон кийин эне менен ымыркай дарыгерлерге өткөрүлүп берилип, бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан