Американын вице-президенти Жей Ди Вэнс украиналык атайын кызматтар АКШ жана Венгриядагы шайлоолордун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылышканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Вэнстин айтымында: “Бизге белгилүү, украиналык атайын кызматтардын ичинде шайлоолордун жыйынтыгына кийлигишүүгө аракет кылган элементтер бар. Бул алардын стили деп айтууга болот,” - деди ал Будапештте Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен өткөн пресс-конференцияда.
Ал эми Орбан апрель айында өзүнүн шайлоо жеңишинен кийин Киев “Дружба” мунай түтүк жол аркылуу күйүүчү май өткөрүүнү кайра баштайт деген ишенимин билдирди. Ошондой эле ал Дональд Трамптын USAIDди жабуу чечимин кубаттап, бул башка өлкөлөрдүн саясий процесстерине каржылык кийлигишүүнү токтотууга салым кошконун белгиледи.