Израил Иран тараптан жасалган кезектеги ракеталык чабуулду ийгиликтүү кайтарды. Бул тууралуу өлкөнүн аскердик түзүмдөрү билдиришкендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Иран тараптан учурулган ракеталар өлкөнүн борбордук аймактарына багытталган. Айрыкча Тель-Авив шаарында аба кооптуулугу жарыяланып, жарылуу үндөрү угулган. Ал үндөр абадан коргонуу системаларынын иши менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Ракеталык чабуул тууралуу эскертүү системалары Израилдин ондогон шаарларында иштеп, тургундарга коопсуз жайларга жашынуу сунушталган.
Учурда ракеталардын кулашы же жабыркагандар тууралуу расмий маалыматтар жок. Абал көзөмөлдө болуп, коопсуздук кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.