Биз социалдык тармакта

“Хезболла” Израилдин түндүгүндөгү аскердик объектилерге сокку урду

“Хезболла” кыймылы Израилдин түндүк аймактарындагы аскердик инфраструктурага ракеталык соккуларды жасаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, соккулар Цфат, Акко жана Рош-Пина аймактарында болгон.

Кыймылдын билдирүүсүндө айтылгандай, шейшемби күнү саат 13:00дө Цфат жана Рош-Пинадагы Израил армиясына тиешелүү объектилер ракета менен бутага алынган. Андан 20 мүнөт өткөн соң Аккодогу аскердик инфраструктурага дагы сокку жасалганы кабарланды.

Бул окуя Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөп жатканын дагы бир жолу көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан