
Иран менен Оман АКШ жана Иран ортосундагы убактылуу тынчтык келишимине ылайык, Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден уруксат берүү үчүн төлөм алууну пландап жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар ирандык булактарга таянып билдиришти.
"Эки жумага созулчу ок атышууну токтотуу планы Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден Иран менен Омандын төлөм алуусуна уруксат берүүнү камтыйт",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу аркылуу эки тараптуу эки жумалык ок атышпоого келишим түзүшкөнү маалымдалган. Сүйлөшүүлөр 10-апрелде Исламабад шаарында өтөрү күтүлүүдө.