Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаевди жоопко тартуу маселесин кароону өкмөт башчыдан суранды. Муну депутат өзү бүгүн, 24-январда "Ата Журт" фракциясынын жыйынында айтты.
"Мурдагы жыйындарда ички иштер министри Абдулда Суранчиевге кайрылып "укук коргоо кызматкерлери жан сакчылар менен жүрө баштаганын айткам. Анда министр "сиз Мелис Турганбаевди айтып жатат окшойсуз" деп жооп берген. Мен эч кимдин атын атаган эмесмин. Мындан кийин Мелис Турганбаев ММК аркылуу мени айтылбай турган сөз менен шылдыңдады. Депутатка ушундай мамиле кылган ал жөнөкөй жарандарды эмне кылат?"- деди депутат.
Жантөрө Сатыбалдиев жакында коллегиялык жыйында бул маселени көтөрө турганын билдирди.