Түркия парламенти 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүн чектөө боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору социалдык тармактарга кирүү үчүн баланын жаш курагын текшерүү, ата-энелик көзөмөл куралдарын камсыз кылууну көздөйт.
Түркия бийлиги бул демилге балдарды интернеттеги зыяндуу контенттерден коргоого жана жеке маалыматтарын сактоого багытталганын түшүндүрдү.
Ушундай эле чаралар буга чейин Австралия, Индонезия жана Бразилия өлкөлөрүндө кабыл алынган. Ал эми Испания, Франция жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө азыркы учурда каралып жатат.