Биз социалдык тармакта

Билл Гейтс финансист Эпштейн боюнча дагы көрсөтмө берет

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс чулгандуу америкалык финансист Джеффри Эпштейндин иши боюнча 10-июнда көрсөтмө берет. Бул тууралуу CBS News ишенимдүү булактарына таянып билдирди.

"Ал конгресстин бардык суроолоруна жооп берет",- деген ишкердин өкүлү.

Өкүлдүн айтымында, Гейтс Эпштейндин мыйзамга каршы аракеттерине күбө болгон да, катышкан да эмес.

Буга чейин, 3-мартта Билл Гейтс Эпштейндин иши боюнча тергөөдө көрсөтмө берген. Буга Эпштейн тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги тараткан документтерде Билл Гейтстин дагы ысымы аталганы себеп болгон. Ал эми ишкер финансист менен байланышы болгонун, бирок анын жасаган кылмыштарына тиешеси жок экенин белгилеп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан