Баткендин Ак-Сай аймагына караштуу Үч-Дөбө айылынын түштүк-батыш тарабындагы дөңсөөдө тажик аскерлери окоп казышып, топтолуп турушат. Муну бүгүн, 24-январда Баткен ОИИББинин маалымат катчысы Дамира Юсупова маалымдады. Окоп казылган аймакта 30дай тажик чек арачылары жана милиция кызматкерлери турат.
Баткен ОИИББинин маалыматында кырдаал мындайча жазылат:
"Баткен ОИИББинин кызматкерлери Ак-Сай айыл округуна караштуу Үч-Дөбө айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоонун асты жагындагы кырдан Тажикстандын 15тей чек арачысы жерди окоп (позиция) катары казышып, цемент куюп арматураларды тургузуп коюшкандыгы тууралуу маалымат алган. Маалыматта Кыргызстандын тоолоруна тажик снайперлери чыгып позиция ээлеп жаткандыгы жөнүндө да айтылат.
Алынган маалыматтын негизинде 2014-жылдын 24-январь күнү саат 12:00дө Баткен ОИИБинин башчысы А.Алимбеков күч органдарынын жетекчилери менен бирге Тажик Республикасынын күч органдарынын жетекчилери менен Үч-Дөбө айылындагы маселени чечүү үчүн жолугушууга барышты. Бирок Тажик Республикасынын күч органдарынын жетекчилери башка иштер чыгып калгандыгын айтышып, жолугушууну саат 15:00гө жылдырууну суранышкан.
Саат 12:20да Баткен ОИИББинин башчысы А.Алимбеков Үч-Дөбө айылынын 200дөй тургуну менен пикир алышып, коомдук саясий кырдаал боюнча маалымат берди. Чогулгандар жетекчилерге төмөндөгүдөй талаптарды жана сунуштарын айтышты:
- Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык айылдардагы азык-түлүк сатылуучу дүкөндөрдү ун, май жана көмүр менен камсыз кылуу
- Баткен районунун тургундарынын арасында кооптонуу жаралгандыгына байланыштуу тез аранын ичинде өкмөттүк деңгээлде Тажикстандын өкмөтү менен биргеликте Ак-Сай айылында чек ара боюнча орун алган маселелерди чечүү
- Демаркация жана делимитация маселелери боюнча эки тараптуу комиссиянын иштерин жандандыруу
- Ак-Сай айыл округунун аймагында жашаган жергиликтүү жаштарды чек ара аскер кызматка жумушка алуу
- Баткен районунун Ак-Сай айыл округунун Үч-Дөбө айылына чек ара тозотун куруп берүү
- Баткен районунун Ак-Сай айыл округунун Үч-Дөбө айылына жакын жерге окоп (позиция) казып, ок атуучу куралдары менен турушкан тажик чек ара аскер адамдарын алдыруу
- Азыркы учурда чек ара айылдарында уюштурулган күзөткө айылдарды жакшы өздөштүргөн жергиликтүү жашоочулардан ыктыярдуу элдик кошуун катары бирге иш алып барууну уюштуруу
Жергиликтүү элдердин айтуусу боюнча, окоп казылган аймак Кыргызстанга таандык. Казылган жерден 50 метр алыстыкта Үч-Дөбө айылынын тургундарынын үйлөрү жайгашкан. Ыкчам маалыматтар боюнча, окоп казылган жерде 10го жакын чек ара кызматкери, 10го жакын милиция кызматкери жана 10го жакын кара аскер кийимчен жаран тургандыгы маалым болду.
Милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Жашоочулар арасында "тажик чек арачылары кыргыздардын аймагына кирип алды, эми эмне болот?" деген кооптонуу, тынчсыздануу жаралууда.