АКШ менен Ирандын ортосунда эки жумалык тынчтык келишими түзүлгөнү менен Иран тарап Ормуз кысыгындагы кыймылды калыбына келтире элек. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, убактылуу ок атышпоо келишимин түзгөндөн бери сегиз саат өткөн.
Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран бийлиги эки жумага созулган убактылуу тынчтык мезгилинде Ормуз кысыгын ачып турууга макул болгонун билдирген.
Ал эми айрым чет элдик басылмалар, кысыктын эки тарабында көптөгөн кемелер топтолуп турганы менен кысыкта кыймыл жок экенин жазышкан.