Биз социалдык тармакта

Соцтармакта Мухтар Шахановдун абалы тууралуу такталбаган маалымат тарады

Социалдык тармактарда казак акыны Мухтар Шаханов тууралуу маалымат тарап, анда анын жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылууда.

Бул билдирүү Instagram баракчасында жарыяланган. Аккаунт өзүн акындын атындагы фондго байланыштуу деп тааныштырган. Посттун автору Нуржигит Ыскак аттуу жаран болуп, ал өзүн фонддун жетекчиси катары көрсөтүп, 84 жаштагы акындын абалы начарлап, учурда интенсивдүү терапия бөлүмүндө дарыланып жатканын билдирген.

"Тилекке каршы, Мухтар Шахановдун ден соолугу начарлап, учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Урматтуу эл, устатыбыздын тез сакайып кетиши үчүн дуба кылалы",- деп жазылган билдирүүдө.

Бирок бул маалыматтын чын-төгүнүн тастыктаган расмий булактар азырынча жок. Ошондой эле аталган Instagram аккаунттун ишенимдүүлүгү да күмөн жаратат: баракча жакында эле ачылып, анда болгону бир гана пост жарыяланган.

Комментарийлерде колдонуучулар акынга колдоо көрсөтүп, анын тез сакайып кетишин каалашууда.

Буга чейин казакстандын эл жазуучусу, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Темирхан Медетбек каза болгону тууралуу маалымат расмий түрдө тастыкталган. Маданият министрлиги бул кабарды ырастап, маркумдун жакындарына көңүл айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан