Белгилүү режиссёр Жеймс Кэмерон тарткан "Аватар" тасмасы дагы эки жаңы тасма менен улантылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Франшизанын продюсери Рэй Санчини билдиргендей, учурда "Аватар 4" жана "Аватар 5" тасмалары активдүү иштеп чыгуу баскычында. Азырынча команда тасмалардын бюджетин эсептеп, тартуу графигин түзүп жана жалпы өндүрүш планын даярдоодо.
Продюсердин айтымында, долбоорлор толук ылдамдыкта алдыга жылууда жана даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.
Режиссёр Жеймс Кэмерон азырынча так чыгуу даталарын жарыялай элек. Бирок алдын ала маалыматтар боюнча, "Аватар 4" тасмасы 2029-жылдын декабрында, ал эми "Аватар 5" 2031-жылдын декабрында көрүүчүлөргө сунушталышы мүмкүн. Белгилей кетсек, бешинчи бөлүктүн тартылышы аяктаган маалда Кэмерондун жашы 80ге жакындап калат.
Буга чейин "Аватар 3: Пламя и Пепел" тасмасы прокатка чыккандан кийин алгачкы эки жума ичинде 1 миллиард доллардан ашык киреше топтоп, режиссёрдун катары менен төртүнчү миллиарддык хити болуп калган.