Биз социалдык тармакта

Японияда Панчу аттуу маймыл зоопаркка келгендердин санын төрт эсеге көбөйттү 

Японияда Панчу аттуу маймылдын популярдуулугу Итикава зооботаникалык паркына келген коноктордун санын төрт эсеге көбөйттү. Бул тууралуу парк жетекчиси Такаси Ясунага "Риа Новости" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын февралында 20 миң адам келген болсо, быйыл февралда 47 миңге жеткен. Ал эми март айында 24 миң киши келген болсо, быйыл 90 миңге чейин көбөйгөн.

Айта кетсек, Панчу аттуу маймылдын видеолорун зоопарк X платформасына жүктөгөндөн кийин популярдуу болуп кеткен. Видеолордо ал жумшак орангутан оюнчукту апасы деп кабыл алып, кармап жүргөнү көрсөтүлгөн. Видеодогу таасирдүү көрүнүштөр дүйнө жүзүндөгү миңдеген адамдардын жүрөгүн багындырды.

Японияда Панчу аттуу маймыл зоопаркка келгендердин санын төрт эсеге көбөйттү 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан