АКШ президенти Дональд Трамп Иранга курал-жарак жеткирген өлкөлөргө соода чаралары киргизилерин билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жазды.
Анын айтымында, Иранга курал-жарак жеткирген өлкөлөр АКШ менен соода кылууда 50 пайыздык бажы төлөмдөрүнө туш болушат.
"Бүгүндөн тарта Иранга аскерий курал жеткирген өлкө 50 пайыздык бажы төлөмүнө туш болот. Эч кандай четтөөлөр жана бошотуулар болбойт", - деген Трамп.